Парламент Жогорку Соттун төрайымын кызматтан убактылуу четтетүүнү карайт
Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын ыйгарым укуктарын убактылуу токтотуу тууралуу президенттин сунушун күн тартибине киргизип, карап берүүнү суранды.
Депутаттар сунушту күн тартибине киргизүүнү көпчүлүк добуштан колдошту.
Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева УКМК тарабынан коррупциялык иштерге шектелүүдө. Ушул жылдын 4-мартында Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Калиеванын күнөөсү далилденсе, жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.