"Түркмөнстан же Түндүк Корея болуп кеткен жерибиз жок". Ташиевге теңелбегиле деген депутат үн катты
Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынындагы сөздөрүнө комментарий берди.
"Мен бул жактык эмесмин, эл-журт! 2-июнь күнү өткөн сессияда сын менен кошо жасалып жаткан жакшы иштерди да айткыла дедим. Парламенттеги ызы-чуу бул демократиянын бар экенин белгиси. Түркмөнстан же Түндүк Корея болуп кеткен жерибиз жок! Кошоматчылар, пахтакорлор - алар башка категориядагы адамдар, дайыма жандарында суу куюп жүрүшү ыктымал. Мен болгону ынтымакка жана Ташиевдин кылган жакшы иштерин да айткыла дедим. Бардык адамда плюс, минус жактары болот!" - деп жазды ал.
Депутат жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге теңелбөөгө чакырган. "Бул киши кыргыз элинин ишенген генералы. Ушул жерде отургандардын 3төн 1и ушул кишинин артынан өсүп келе жаткандар", - деген эле.