SerepTV Logo

"Өзүм бир айлык маянамды котором". Депутат өкмөттү Аруузатка жардам берүүгө чакырды

"Өзүм бир айлык маянамды котором". Депутат өкмөттү Аруузатка жардам берүүгө чакырды
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев сейрек кездешүүчү генетикалык жүлүн булчуңдарынын атрофиясы диагнозу менен жабыркап жаткан Аруузатка жардам берүү маселесин  көтөрдү. Ал кыздын өмүрүн сактап калууга аз гана убакыт калганын белгилеп, депутаттарды Орозо айында жакшы иш кылууга чакырды. «Мен бүгүн Аруузат деген кичине кызыбыз боюнча маселени көтөрөйүн дегем. Керек болсо, ыктыярчылар көчөмө-көчө кыдырып, жол чырактарда акча топтоп иштеп жатышат. Биздин жакшы компанияларыбыз бар - "Мегаком", "Манас" аэропорту,  ошолорго жардам бергиле деп тапшырма бербейлиби? Министрлик бир күндүк маянасын берсин. Балким президент өз фондусунан жардам берер, спикер деле өз фондусунан жардам берсин. Ал эле эмес, депутаттардын айлыгынан деле өз ыктыяры менен бир күндүк, же он күндүк маянаны которолу. Мен бир айлык маянамды берейин. Андан тышкары биздин топ - 100 бай адамдарыбыз бар. Аруузаттын 2 эле айлык өмүрү калды. Партияларга айта кетейин, шайлоо алдында эле жардам берем деп чыга калбай азыр жардам берсин», - деди депутат. Эки жаштагы Аруузат салмагы 13 килограммдан аша электе эң кымбат дары катары дүйнөлүк "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген "Золгенсма" дарысын алып үлгүрүүсү керек. Ал дары 2 миллион 386 миң доллар турат.
Unknown Author