Өзбекстандын өкмөт башчысы Ысык-Көлгө келди
Бүгүн, 15-августта Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келди. Аны “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Абдулла Арипов эртең, 16-августта Чолпон-Ата шаарында өтө турган эки өлкө ортосундагы өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынына катышат.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="195483,195484,195485"]