"Өзбекстанда 300 миңден ашуун этностук кыргыздар жашайт". Улукбек Марипов кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолукту
Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстан Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстандын Жизак районунун Манас айылында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен Ташкент шаарында жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Премьер-министр Өзбекстан Республикасында жашаган мекендештерге кыргыз элинин маданиятын жана салт-санаасын аяр сактагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
«Мен биздин жолугушуубузга жана Кыргыз Республикасынын президентинин атынан салам жолдоо мүмкүнчүлүгү үчүн кубанычтамын. Тилекке каршы, программанын жыштыгына байланыштуу биз айылга бара албай калдык, ошол эле учурда сиздердин аман-эсендигиңиздерден жана бакубат жашооңуздардан кабар алып сүйүнүп турабыз. Этностук кыргыздар жашаган айылды өнүктүрүүгө жана көрктөндүрүүгө чоң көңүл буруп жаткан Өзбекстан Республикасынын жетекчилигине ыраазычылык билдиргим келет»,- деди ал.
Диаспоранын өкүлү белгилегендей, учурда Өзбекстан Республикасында 300 миңден ашуун этностук кыргыздар жашайт.
«Борбордон ыраак жайгашкан Манас айылы өткөн кылымдын 60-жылдары пайда болгон. Бүгүнкү күндө анда 6,5 миңден ашуун адам жашайт. Биз жеке жолугушуу жана кеңири маектешүү мүмкүнчүлүгүнө ыраазыбыз. Бизде баары жетиштүү, биз үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Жалпысынан Өзбекстан Республикасында 55 жалпы билим берүүчү кыргыз мектеби бар, анын 14ү толук кыргыз тилдүү мектептер болуп саналат. Мамлекет башчынын Өзбекстан Республикасына сапарынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттер аралык чек араны делимитациялоо жана демаркациялоону жыйынтыктоо боюнча сүйлөшүүлөр активдештирилет деп ишенебиз», - деди Рахматулла Жаббанов.
Премьер-министр кыргыз диаспорасынын сунуш-пикирин угуп, кызыктырган суроолорго жооп берди.