Өзбекстан Кыргызстанга 50 миллион доллар берет. Эмнеге?
Өзбекстан Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтылды.
Анда эл өкүлдөрү Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндөгү келишимдин ратификациясын жактырышты.
Ал келишимге ылайык, Өзбекстан Кыргызстанга ар кандай экономикалык долбоорлор үчүн 50 миллион доллар каражат бөлөт. Жана аталган фонддун курамы түзүлөт жана ага Кыргызстандын жарандары кирет. Ал эми директорлор кеңеши үч Өзбекстандын жаранынан жана эки кыргыз жаранынан турат.
Эске салсак, аталган бул эки тараптын биргелешкен фондун түзүү 2017-жылы ошол убактагы президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанда болгон иш сапарынын алкагында демилгеленген. Бирок иш жүзөгө эми гана ашууда.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров бүгүн Ташкентке мамлекеттик иш сапары менен барат.