SerepTV Logo

Өзбекстан Кыргызстанга 1000 тонна буудайдын жана 500 тонна пахтанын үрөнүн берет

Өзбекстан Кыргызстанга 1000 тонна буудайдын жана 500 тонна пахтанын үрөнүн берет
Өзбекстан тарабынан 1000 тонна күздүк буудайдын жогорку түшүмдүү үрөнүн жана 500 тонна пахтанын үрөнүн Кыргызстанга жеткирүү боюнча келишим түзүлдү. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган мекеменин министри Аскарбек Жаныбеков өткөн жумада президент Садыр Жапаров баштаган расмий боордош республикага болгон мамлекеттик иш сапарында бир нече Өзбекстан менен бир нече келишимдерди түзгөн. Тактап айтканда, Өзбекстан тарабынан 1000 тонна күздүк буудайдын жогорку түшүмдүү үрөнүн жана 500 тонна пахтанын үрөнүн Кыргызстанга жеткирүү боюнча келишим түзүлдү. Ошондой эле Өзбекстан Кыргызстандын аймагына заманбап күнөсканаларды куруп, кийин ал кыргыз тарапка өтөт деп макулдашылды. Мындан сырткары, заманбап технологияларды колдонуп, мөмө-жемиш бактарынын заманбап сорттору менен бакча салуу чечими кабыл алынды. Өзбекстан Кыргызстанга акысыз 10 миң мөмөлүү дарактын көчөттөрүн берет, алар келечекте көчөттөрдү отургузуу үчүн мамлекеттик сорттогу участокторго отургузулат. Мындан сырткары коңшу республикага болгон иш сапарда этти кайра иштетүү, Кыргызстанда малды жасалма уруктандыруу, бордоп семиртүү, союу жана Өзбекстандын аймагына экспорттоодон баштап эт өндүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Аны менен катар өлкөнү минералдык жер семирткичтер менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси чечилди. Ошондой эле Кыргызстандан Өзбекстанга картошканы экспорттоо, илимий-изилдөө институттарынын кызматташуусу, тажрыйба алмашуу жана адистерибизди коңшу өлкөнүн ЖОЖдорунда окутуу маселесин талкууланган.  
Unknown Author