SerepTV Logo

Отунбаева менен Жээнбековду айрым артыкчылыктарынан ажыратуу сунушталууда

Отунбаева менен Жээнбековду айрым артыкчылыктарынан ажыратуу сунушталууда
Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековду айрым артыкчылыктарынан ажыратуу сунушталууда. Тагыраагы депутат Жеңиш Токторбаевдин демилгеси менен "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жана экс-президенттин статусу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Депутаттын айтымында, мыйзам долбоору бюджеттик каражаттарды рационалдуу колдонууга багытталган. Документте төмөндөгүдөй артыкчылыктардан ажыратуу сунушталууда: ▪️ Жаңы президент ишке киришкенден кийин бир айдын ичинде мамлекеттик резиденцияны пайдаланууну токтотуусу; ▪️ Мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдалануу укугунан ажыратылуусу; ▪️ Өмүр бою мамлекеттик кайтарууда болуусу алынып, жан сакчыларды өз эсебинен каржылоосу; ▪️ Экс-президентти, жубайын жана жашы жете элек балдарын акысыз медициналык тейлөө алып салынуусу; ▪️ Мамлекетке караштуу телефон, интернетти акысыз колдонуу, почта жана телеграф жөнөтүүлөрдү өкмөттүк разрядда тейлөө беренеси жокко чыгарылуусу; ▪️ Пенсия жана маянасы өзгөртүүсүз калган. Анын өлчөмү президенттин айлыгынын 75 пайызына барабар. Экс-президент макамына Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков ээ. Буга чейин Жеңиш Токторбаев экс-президенттерге берилген мамлекеттик күзөттү алып салуу керектигин көтөрүп чыккан болчу.