SerepTV Logo

“Өтө начар!” Эльвира Сурабалдиева СИЗО-1ди тез арада Бишкек шаарынын сыртына алып чыгуу керектигин айтты

“Өтө начар!” Эльвира Сурабалдиева СИЗО-1ди тез арада Бишкек шаарынын сыртына алып чыгуу керектигин айтты
Бүгүн, 29-январда вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине (Бишкектеги СИЗО-1) барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Сурабалдиева нөөмөттүк жана медициналык-санитардык бөлүктөрдү, атайын контингент үчүн ашкананы, тергөө иштери жүргүзүлүп жаткан адамдар жаткан камераларды, тейлөө иштерин жүргүзүү үчүн калган соттолгондордун турак жайларын текшерген. Анда ал СИЗО-1ди шаардын сыртына көчүрүү жана мекемеге жаңы имарат куруу маселесин чечүү керектигин айтты. «Жарандардын жашоо шарты өтө начар. Имаратты капиталдык оңдоп-түзөө иштери көптөн бери жүргүзүлбөй, инфраструктурасы эскирип, жараксыз абалга келип, айыпталуучу жарандардын жана иштеген кызматкерлердин мекемеде болушуна кыйын шарттарды түзүүдө. Камералардын абалы начар. СИЗО-1 көчүрүү жана жаңы имарат куруу боюнча ишти бир нече этапта күчөтүү керек », - деген Сурабалдиева. Мындан тышкары, вице-премьер-министр Саламаттыкты сактоо министрлигине мекемени тез жардам унаасы менен камсыз кылуу маселелерин чечүүнү, ошондой эле жазаны аткаруу тутумунун медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана медициналык бүтүрүүчүлөрдү бөлүштүрүү маселелерин иштеп чыгууну тапшырды.

   

 
Unknown Author