Ош шаарында шайлоо өнөктүгүнүн талаптарын бузгандыгы боюнча 10 маалымат текшерилип жатат
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан бүгүнкү күндө шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу 10 мыйзам бузуулар боюнча түшкөн маалыматтар текшерилип жатат. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Эгер ал маалыматтар такталып, чын боло турган болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жоопко тартылат. Ошондуктан Ош шаардык ички иштер башкармалыгы шайлоо өнөктүгүнө тиешеси бар бардык жарандарыбызды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так аткарып, кандайдыр бир укук, мыйзам бузууларга жол бербөөгө чакырат!",- деп айтылат маалыматта.