Ош шаардык кеңешине ат салышкан 6 партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт
Ош шаардык кеңешине ат салышкан алты партия добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылууда. "Улуттар Биримдиги", "Республика", "Бүтүн Кыргызстан", "Ишеним", "Улуу Журт" жана "Бир Бол" партияларынын өкүлдөрү биргелешкен билдирүүдө жергиликтүү шайлоону "эң ыплас өттү" деп сындашты.
Партиялардын өкүлдөрү жергиликтүү бийликти административдик ресурс пайдаланды деп айыпташты. Алар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын белгилешип, БШКны кайра шайлоо дайындоого чакырышты. Эгер талаптары аткарылбаса, нааразылык акцияга чыга турганын маалымдашты.
Нааразылык билдирген партиялардын катарында шайлоодо 7% чектен ашкандары да бар.
Алгачкы жыйынтыкка караганда, автоматтык эсеп боюнча "Ата Журт Кыргызстан" партиясы 49% ашып, алдыга чыкты. Андан кийин "Улуттар Биримдиги", "Ыйман Нуру" , "Ынтымак" партиялары турат.