Ош облусунун жаңы башчысы Элчибек Жантаевдин өмүр баяны
Элчибек Жантаев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Жаңы жетекчини Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тааныштырды.
Өмүр баяны
Туулган жылы: 8-сентябрь 1973-жыл, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Чий айылы
Эмгек жолу:
• 2002–2003 — статист-экономист, Ак-Чий айыл өкмөтү;
• 2003–2009 — жооптуу катчы, Ак-Чий айыл өкмөтү;
• 2009–2012 — Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы;
• 2013–2014 — Ак-Чий айылдык кеңешинин төрагасы;
• 2014–2018 — Ак-Суу районун акиминин орун басары;
• 2018–2020 — Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким;
• Июль 2020 — Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
• Ноябрь 2020 — Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
• Май 2021 - Айыл чарба, суу жана Токой чарба министрлигинин, аймактарды өнүктүрүү агенттигинин директору;
• Ноябрь 2021 — Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
• Апрель 2022 - президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.