SerepTV Logo

Ош облусунда төрт мамлекеттик кызматкер аттестациядан өтпөй калды

Ош облусунда төрт мамлекеттик кызматкер аттестациядан өтпөй калды
Ош облусунда бир аким жана райондук администрация жетекчисинин 3 орун басары аттестациядан өтпөй калды. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Ноокат районунун акиминин орун басары компьютердик тестирлөөдөн 50% аз балл алып калгандыктан, кийинки этапка өткөн жок. Аттестациялоонун акыркы этабы болуп саналган маектешүүнүн жыйынтыгы боюнча 18 аткаминердин төртөө ээлеген кызматтарына дал келбей турганы анык болду. Алар Алай районунун акими, Ноокат, Ара-Кулжа, Кара-Суу райондук администрациясынын жетекчилеринин орун басарлары. Бир адам ээлеген кызматына шайкеш келди жана аны кызматтан жогорулатуу кеңеши берилди. 13 адам кызматтык талаптарга жооп берет. Аттестациянын жыйынтыгы боюнча комиссия өкмөткө сунуш киргизет.
Unknown Author