SerepTV Logo

Орусия менен Кыргыз Тышкы иштер министрлери Жапаровдун иш сапарына жакшы өттү деп баа беришти

Орусия менен Кыргыз Тышкы иштер министрлери Жапаровдун иш сапарына жакшы өттү деп баа беришти
Кечээ, 25-февралда Москва шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун чет өлкөгө биринчи чыгуусу болгон Орусияга расмий сапарынын жыйынтыктары ийгиликтүү болгондугун терең канааттануу менен белгилешти. Министр Руслан Казакбаев программанын алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путиндин жемиштүү сүйлөшүүлөрү болгонун, Орусиянын Федералдык жыйынынын эки палатасынын жетекчилери Вячеслав Володин жана Валентина Матвиенко, өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле Россиянын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлгөндүгүн билдирди. Тараптар сапардын жүрүшүндө төмөнкү документтерге кол коюлгандыгын белгилешти: 1) Кыргызстан Өкмөтү менен Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркировкалоо системасын түзүү максатында Россия тарабынан Кыргызстанга кайтарылгыс техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга; 2) Кыргызстандын Коргоо министрлиги менен Орусия Федерациясынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында пилотсуз учуучу аппараттарды колдонуу жөнүндө протоколго; 3) Кыргызстан менен Орусиянын 2021-2025-жылдарга карата коргоо ведомстволорунун башчыларынын ортосундагы аскер жаатындагы стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү программасына; 4) Кыргызстандын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен Орусиянын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба продукциясын жеткирүү жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна. Көрсөтүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана миграциялык чөйрөлөрдөгү кыргыз-орус кызматташтыгынын күн тартибинин көп маселелери боюнча пикир алмашышты. Эл аралык, регионалдык жана интеграциялык уюмдар алкагындагы көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу темаларын талкуулашты, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын жайылышына каршы аракеттенүү маселелерин карап чыгышты. Кыргыз тарап жаңы коронавирус инфекциясына каршы аракеттенүүдө Орусиянын Кыргыз Республикасына көрсөткөн баа жеткис гуманитардык жардамы, өлкөнүн экономикасын финансылык колдоо түрүндөгү жардамы, Кыргыз Республикасында товарларды маркировкалоо жана товарлардын кыймылын көзөмөлдөө, салык процедураларын электрондук фискалдаштыруу системасын киргизүү боюнча кайтарылгыс техникалык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Маектин катышуучулары бардык деңгээлде тыгыз байланыштарды сактоо, өз ара пайдалуу саясий диалогду бекемдөө, экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты, кең евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерди илгерилетүү, ошондой эле региондор аралык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү зарыл экендиги тууралуу бир пикирди билдиришти. Тараптар Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Орусияга иш сапарынын жыйынтыктары боюнча жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча эки мамлекеттин министерстволорунун жана ведомстволорунун ишин координациялоого жана эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосундагы эки тараптуу, эл аралык жана регионалдык күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулоо боюнча үзгүлтүксүз саясий консультацияларды улантууга макулдашышты. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, министрлер ушул жааттагы тараптардын ортосундагы кызматташтыктын укуктук жана уюштуруучулук негиздерин түзүүгө багытталган, КР Өкмөтү менен РФ Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.
edita