Өмүрбек Текебаев: "Бүгүнкү бийликтин идеологиясы - реваншизм"
Өлкөгө таанымал саясатчы, Жогорку Кеңештин 6 жолку депутаты Өмүрбек Текебаев "Супер ТВ" каналынын "Саясий коктейль" берүүсүндө маек берди.
Ал өз маегинде учурдагы бийликтин жүргүзүп жаткан идеологиясын төмөнкүчө сыпаттады: "Бүгүнкү бийликтин идеологиясын бир сөз менен түшүндүрүү керек болсо мен реваншизм деп айтат элем. Акыркы 10 жылды жамандап, андан аркысын айтпай жатышат. 2009-жылды деле айтып коюшпайбы?",- дейт Текебаев. Ал учурдагы бийлик Бакиевдин заманын кайра жандандырууга аракет кылып жатат деген пикирде.
Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.