Өмүрбек Суваналиев: "Жетим-Тоо маселесинде 1-кезекте экологияны ойлошубуз керек"
"Супер ТВ" каналындагы "Саясий коктейль" берүүсүндө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы губернатор, генерал Өмүрбек Суваналиев маек берди. Ал Жетим-Тоо маселесинде биринчи кезекте экологияны ойлонушубуз керек дейт.
"Мен негизи 1995-жылы Жогорку Кеңешке депутат кезимден эле "Кумтөрдүн" иштетилишине каршы болуп келгенмин. Биз туризмди, жаңы технологияларды, демократияны өнүктүрүү менен деле жардам алып бутка тура алмакпыз. Президенттер Жетим-Тоо кенин иштетүү маселесине келгенде 1-кезекте экологияны, андан кийин гана экономикалык пайданы кароолору керек. Нарын облусуна губернатор болгондон бери айтып келе жатам, Жетим-Тоону казганда экологияны бузуп албайлы, ал жер суунун башы деп. Эгер экологияны сактай турган ыкманы колдонбосок ал кенди казбашыбыз керек",- дейт Суваналиев.
https://www.youtube.com/watch?v=taGCFYG8EVQ