SerepTV Logo

Омар Султанов БУУнун Женева шаарындагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды

Омар Султанов БУУнун Женева шаарындагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды
Султанов Омар Абдыразакович Женева шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Султанов буга чейин тышкы иштер министринин биринчи орун басары кызматында иштеген.