SerepTV Logo

Өлкө башчыларга түз эфирде коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү сунушталды

Өлкө башчыларга түз эфирде коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү сунушталды
Өлкөгө коронавируска каршы вакцина келсе, үлгү катары президент, спикер, премьер-министр, саламаттыкты сактоо министри түз эфирде эмдөөдөн өтүшү керек. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда коомчулукта вакцина боюнча талаш-тартыштыктар жаралып жатат. “Бизге кандай вакцина керек деп, коомчулук талашып-тартышып жатышат. Өкмөт муздаткычтар жок деп, американын бекер вакцинасынан баш тартты. Ошол эле кезде Россиянын вакцинасы келе жатат. Өлкөгө вакцина келсе, үлгү катары президент, спикер, премьер-министр, саламаттыкты сактоо министри түз эфирде эмдөөдөн өтүшү керек. Ошондо гана эл ишене баштайт”, - деди депутат.
edita