SerepTV Logo

Өкмөттүн жаңы курамынын алдын ала жарыяланган тизмеси

Өкмөттүн жаңы курамынын алдын ала жарыяланган тизмеси
Кечээ, 1-февралда өкмөттүн жаңы болжолдуу курамы жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланды. Алдын ала маалыматка ылайык, өкмөттө бир гана вице-премьер калды. Ал Артём Новиков. Мурдагы өкмөттүн төрт орун басарлыгы жоюлган. Мындан тышкары, айрым министрликтер бириктирилген. Жаңы өкмөттүн болжолдуу курамы: Биринчи вице-премьер — Артем Новиков; Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев; Коргоо министри — Таалайбек Өмүралиев; Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри — Аскар Жаныбеков; Энергетика жана өнөр жай министри — Кубанычбек Турдубаев; Ички иштер министри — Улан Ниязбеков; Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев; Юстиция министри — Асел Чыныбаева; Маданият министри — Кайрат Иманалиев; Экономика жана финансы министри — Улукбек Карымшаков; Билим берүү жана илим министри — Алмазбек Бейшеналиев; Саламаттыкты сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев; Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы — Камчыбек Ташиев. Кечээ, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдогон. Ал эми бүгүн, 2-февралда тармактык комитет карайт. Андан кийин өкмөттүн түзүмү менен курамы парламенттин жалпы жыйынында талкууланат.  
Unknown Author