SerepTV Logo

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматтан кетти

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматтан кетти
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максүтов өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аны кызматынан бошотуу боюнча буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
edita