Өкмөт дагы 9 өлкөнүн жарандарына визасыз режим киргизүүнү сунуштады
Өкмөт Жогорку Кеңешке дагы 9 өлкөнүн жарандарына жана БУУнун паспортторунун ээлерине бир тараптуу визасыз режим киргизүүнү сунуштап жатат.
Учурда Кыргызстанда 60 күнгө чейин визасыз жүрүү режимин 52 мамлекеттин жарандары пайдалана алышат.
Өкмөт бул тизмеге төмөнкү 9 өлкөнү киргизүүнү сунуштоодо:
- Албания;
- Болгария;
- Вьетнам;
- Израиль;
- Кипр Республикасы;
- Түндүк Македония;
- Румыния;
- Таиланд;
- Мексика.