SerepTV Logo

Өкмөт COVID-19 менен күрөшүүгө резервге 2,4 миллиард сом бөлдү

Өкмөт COVID-19 менен күрөшүүгө резервге 2,4 миллиард сом бөлдү
Экономика жана финансы министрлиги тарабынан мамлекеттик бюджеттик резервге 2 миллиард 400 миллион сом өлчөмүндөгү каражат каралды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, бул каражат күтүлбөгөн чыгымдарды, анын ичинде коронавирус инфекциясы менен байланышкан эпидемиологиялык кырдаал олуттуу начарлап кеткен учурда каржылоого каралган. Мындан тышкары, өкмөттүн буйругу менен Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине медиктерге жана илдеттин очогунда иштөөгө тартылган жактарга кенемте төлөөгө 500 миллон сом суммасындагы каражат бөлүнгөн. Ошондой эле өкмөт Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, башка министрлик жана ведомстволорго COVID-19га каршы күрөшүү үчүн каражат чогултуу жаатында донорлор менен иштөөнү күчөтүү милдетин койду.
Unknown Author