Өкмөт Баткен облусуна өзгөчө статус берүүгө документ даярдады
Өкмөт Баткен облусуна өзгөчө статус берүү иретинде документ даярдады. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Көк-Таш (Төрт Көчө) айылынын тургундары менен жолугушууда билдирди.
«Тийиштүү чечимге мен кол койгон соң, парламенттин кароосуна жөнөтүлдү. Ал кабыл алынгандан кийин Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болот, анда салык жеңилдиктери да каралат», - деди премьер-министр.
Өкмөт башчы ошондой эле турак-жайлары талкаланган, же өрттөнгөн тургундардын бардыгына жаңы үйлөр курулаарын билдирди.
«Кеп Баткен районундагы 30, Лейлек районундагы 70 турак-жай тууралуу жүрүүдө. Учурда комиссия эсептөөлөрдү жүргүзүүдө, ал ишин жыйынтыктаары менен курулуш иштери башталат. Биз суук түшкүчө бардык иштерди аякташыбыз керек», - деди Улукбек Марипов.
Өкмөт башчы кошумчалагандай, учурда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери улантылууда.