Өкмөт башчы орун басарлары менен Аксы окуясында курман болгондордун элесине арнап гүл коюшту
Бүгүн, 17-мартта премьер-министр Улукбек Марипов, биринчи вице-премьер Артём Новиков, вице-премьер Улукбек Кармышаков, өкмөт аппаратынын жетекчиси Жеңишбек Асанкулов 2002-жылкы Аксы окуясында курман болгондорду эскеришти. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар Бишкек шаарындагы борбордук «Ала-Тоо» аянтында жайгашкан 2002-жылкы Аксы окуясында жана 2010-жылкы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл коюшту.
Бүгүн, 17-мартта Аксы окуясына 19 жыл толду. Аталган окуя Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилип кеткенине нааразылыктан улам чыккан окуя катары сыпатталат. 2002-жылы 5-январда ошондогу Жогорку Кеңештин депутаты, президентке импичмент жарыялоо ниетин билдирген Азимбек Бекназаров камакка алынган. Аны бошотуу, жерди кайтарып алуу талаптары коюлган нааразылыктар кан төгүүгө алып келген. 17-мартта куралсыз демонстранттарга тартип коргоо органдары ок чыгарган. 6 киши мерт кетип, кийин аларды колдоп ачкачылыкка чыккан дагы 1 жаран көз жумган.