SerepTV Logo

Өкмөт башчы Улукбек Марипов Ошто чек ара боюнча жабык жыйын өткөрдү

Өкмөт башчы Улукбек Марипов Ошто чек ара боюнча жабык жыйын өткөрдү
Премьер-министр Улукбек Марипов Ош шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды мындан ары жөнгө салуу үчүн тиешелүү кызматтар менен жабык жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Премьер-министрге учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берилген.

"Эки мамлекеттин президенттеринин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча жетишилген макулдашууларга байланыштуу Улукбек Марипов Бишкек шаарына учуп кетти", - деп айтылат маалыматта.

edita