Өкмөт башчы Ташкентте бир катар завод-фабрикаларды кыдырды
Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстанга жумушчу сапарынын алкагында Ташкент шаарындагы бир катар фабрика жана заводдорду кыдырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Өкмөт башчы шоколад, таттуу нан азыктарын жана кондитердик азыктарды чыгарган «Crafers» кондитердик фабрикасындагы өндүрүштүк процесс менен таанышты, ошондой эле кондитердик, таттуу нан азыктарын жана тез даярдалуучу азыктарды чыгарган «Ardent Foods» фабрикасына барды.
Мындан тышкары, Улукбек Марипов «Gold Moon» зер буюмдарды өндүрүүчү ишканага барды.
Завод заманбап жабдуулар менен жабдылып, жылына алты миң тоннага чейин зер буюмдарын өндүрүү мүмкүндүгүнө ээ. Белгиленгендей, жакынкы аралыкта даяр продукцияны жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспорттоо пландаштырылууда.
Андан соң Өкмөт башчы текстилдик фабрикага жана карапа жабууларын жана плита өндүрүүчү заводго барды.
Эске салсак, Улукбек Марипов Ташкент шаарына, бүгүн, 2021-жылдын 26-мартында өтүүчү Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңешмесине катышуу үчүн келген.
[gallery columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="30628,30629,30630"]