SerepTV Logo

Өкмөт башчы энергетикалык объектилерди башкаруу тармагындагы коррупцияны жоюуну тапшырды

Өкмөт башчы энергетикалык объектилерди башкаруу тармагындагы коррупцияны жоюуну тапшырды
«Биз өткөн кыштагы кемчиликтерди белгилеп, аларды оңдоо менен катар келерки күз-кыш жылытуу мезгилине алдын ала даярдыктарды көрүүбүз керек. Электр энергиясын иштеп чыгуу жаатында, башкы милдеттердин бири – бул Токтогул суу сактагычында суунун керектүү көлөмүн топтоо болуп саналат. Суунун көлөмү аз экендигин эске алуу менен электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу саясатын жүргүзүүбүз зарыл», - деди премьер-министр Улукбек Марипов 2020-2021-жылкы күз-кыш жылытуу мезгилинен өтүү жыйынтыгы жана 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилине экономика тармактарын жана калкты даярдоо маселесин талкуулоо учурунда. Өкмөт башчы белгилегендей, электр энергиясын жоготуулардын деңгээлин, ошондой эле бөлүштүрүү компаниялары тарабынан пайдаланылган электр энергиясына дебитордук карыздарды төмөндөтүү зарыл. Белгилесек, 2020-жылдын соңуна карай бир дагы бөлүштүрүү компаниясы өкмөттүн дебитордук карыздарды кыскартуу боюнча тапшырмасын аткарган эмес. Мындан тышкары, бардык мамлекеттик органдар сууну сактоо максатында пайдалануу лимитин сактоосу, авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу боюнча иштерди жүргүзүүсү керек. «Ар бир жетекчи ишкана үчүн жоопкерчиликти өзүнө алсын, ошондо гана ар бир мекеменин иши алга жылат. Калктын бийликке карата ишеними ушундан башталат. Жетекчилер өз объектисинин кезектеги жылытуу мезгилине карай даярдыгын өзгөчө көзөмөлгө алуусу маанилүү»,- деди Улукбек Марипов. Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев маалымдагандай, 2021-жылдын 1-январына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,25 миллиард метр кубду түзүп, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,7 миллиард метр кубга аз (14,95 миллиард метр куб). Болжол боюнча, Токтогул суу сактагычына келүүчү суунун көлөмү орточо жылдык деңгээлге жетип, 96 пайызды түзүшү керек болсо, натыйжада, ал болгону 90 пайызды гана түздү. Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,7 миллиард метр кубду түзөт, бул 2020-жылга салыштырмалуу 2,9 миллиард метр кубга аз. Анын айтымында, бөлүштүрүүчү электр компаниялары жана ири өнөр жай ишканалары орнотулган чектен 332,8 миллион кВ саатка же  2,7 пайызга ашкан. Көмүр өнөр жайына тийиштүү билдирсек, 2,5 миллион тонна көмүр өндүрүлгөн, бул 2019-жылга салыштырмалуу 1,8 пайызга көп.
edita