"ӨКМ иштейби же иштебейби?" Депутат Айбек Осмонов министрликке нааразы болду
"Жакында эле Ош облусунда сел жүрдү. Жолдон жарандар 10 саат өтө албай турду. ӨКМ каякты карап отурат?" - деп депутат Айбек Осмонов Жогорку Кеңештин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине нааразы болду.
"Ушул айдын башында Баткен облусунда сел жүрдү. ӨКМ иштейби же иштебейби? Ал жерде да 6-7 саат жолдон өтө албай турушту. Мындай болбойт да. ӨКМди жыйынга чакыралы", - деди ал.