SerepTV Logo

Өлкө башчы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралын куруу пландалып жатканын айтты

Өлкө башчы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралын куруу пландалып жатканын айтты
Бүгүн, 5-майда президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коюп, кыргыз элине кайрылуу жасады. Ал өз сөзүндө Кыргызстандын учурдагы абалы кейиштүү экенин белгилеп, эңшерилген экономиканы дефицити менен алып жаткандыгына токтолду. Андан тышкары, ал пландары менен да бөлүштү. "Республикабыздын аймагы аркылуу өткөн эл аралык темир жолдорго интеграцияланган темир жол системасынын жоктугунан өлкөбүздүн транзиттик потенциалы өнүкпөй жатат. Андыктан, "Бир алкак — бир жол" долбоорунун алкагында, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралын куруу пландалууда. Бул долбоорду ишке ашырууну тездетебиз. Биз заманбап шарттары бар мульти модалдык негиздеги жүк ташуучу авиахаб түзүү мүмкүнчүлүгүн карайбыз. Ага жер бөлүп беребиз", - деди президент.
edita