SerepTV Logo

Облус башчылары менен Бишкек жана Оштун мэрлери эл менен жолугушуу өткөрөт

Облус башчылары менен Бишкек жана Оштун мэрлери эл менен жолугушуу өткөрөт
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мамлекет башчысынын облустардагы өкүлдөрү жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлери жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрөт. Жолугушуулар өлкө жарандарынын жер-жерлердеги курч көйгөйлөрүн ыкчам кароо, орун алган маселелерди жеринде чечүү максатында өтөт. Бул жолугушуулардын жүрүшүндө көтөрүлгөн бардык маселелердин чечилишин контролдоо президенттин администрациясы тарабынан жүргүзүлөт. Иш-чаралар бекитилген графикке ылайык өткөрүлөт. Президенттин администрациясы жогорудагы жолугушууларга бардык кыргызстандыктарды активдүү катышууга чакырат.