Нурланбек Шакиев баштаган 7 депутат Беларуска иш сапар менен кетишти
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Беларусь Республикасына расмий иш сапары менен жөнөп кетти. Анын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар өтөт.
Жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.
Делегациянын курамында депутаттар Медербек Саккараев, Бактыбек Сыдыков, Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов жана Арсланбек Малиев бар.