Нуржигит Кадырбеков: "Элдик курултай мыйзам долбоору бул артыкбаш бийлик бутагы"
Буга чейин “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоору президенттин өтүнүчү менен кезексиз каралып, бирок тармактык комитет тарабынан колдоо тапкан эмес. Мындан улам биз депутаттарга "Элдик курултай мыйзам долбоору бул артыкбаш бийлик бутагыбы? Же эл менен бийликтин ортосундагы көпүрөбү?" деген суроо менен кайрылууну туура көрдүк.
Депутат Нуржигит Кадырбековдун айтымында, бул артыкбаш бийлик бутагы. "Пайдасына караганда зыяны көбүрөөк болот. Анткени массанын бийлигине айландыруу аракети катары көрдүм. Курултай десе, бабалардын наркын эске алып, башкача бир мыйзам долбоор келет деп ойлогом. Көпүрө болобуз деген сөздөрдү айтып жатышат, бирок сөз менен иш башка. Конституцияга кирип калган экен, ошондуктан сөзсүз түрдө караш керек. Бийликтин төртүнчү булагы пайда болуп калыптыр. Болгондо да бардыгын камтыган бутагы", - деди ал.
https://youtu.be/G3BcVLPz5vU