SerepTV Logo

Нуржигит Кадырбеков: "Биздин фракция казино боюнча мыйзамга толугу менен каршы добуш берди"

Нуржигит Кадырбеков: "Биздин фракция казино боюнча мыйзамга толугу менен каршы добуш берди"
Кечээ, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар казино боюнча мыйзам долбоорун карашты. Мыйзамды талкуулоо кайым айтышуу, күлкү менен коштолду. Бирок 5 жолку добуш берүүнүн жыйынтыгы, юристтин чечмелеши менен долбоор 3 окууда өттү. Депутат Нуржигит Кадырбеков СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине "Ыйман Нуру" фракциясы толугу менен каршы добуш бергенин билдирди. "Биздин фракция казино боюнча мыйзамга толугу менен каршы добуш берди", - деди ал.