SerepTV Logo

Нурдан Орунтаев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды

Нурдан Орунтаев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Орунтаев Нурдан Кемелович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Орунтаев Нурдан Кемелович Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды. Орунтаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке киргизилет.