SerepTV Logo

Мирлан Бакировдун ордуна Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев болду

Мирлан Бакировдун ордуна Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев болду
Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 27-январдагы жыйында вице-спикерди шайлашты. Бул кызматка Нурбек Сыдыгалиев («Ата Мекен») менен Улан Исмаилов («Өнүгүү-Прогресс») сунушталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Нурбек Сыдыгалиев («Ата Мекен») 77 добуш топтоду. Ал эми Улан Исмаиловдун («Өнүгүү-Прогресс») талапкерлигин 38 депутат колдоду. Буга чейин вице-спикерлик кызматты Мирлан Бакиров («Өнүгүү-Прогресс») ээлеген. Ал өз каалоосу менен кызматын тапшырган болчу.
edita