SerepTV Logo

Новиков коронавирус өлкө экономикасына олуттуу таасирин тийгизгенин айтат

Новиков коронавирус өлкө экономикасына олуттуу таасирин тийгизгенин айтат
Коронавирус инфекциясы жана анын кесепети өлкө экономикасына олуттуу таасирин тийгизди. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков өкмөттө өткөн жыйында билдирди. «2020-жылдын 10 айындагы расмий маалыматтар боюнча экономикалык төмөндөө 7,4 пайызды түздү. Ошондой эле салык жана бажы кирешелеринин азайышынан улам, бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн каржыланбай калуу коркунучу турат. 2020-жылдын аягына чейин бюджеттин пландаштырылган киреше бөлүгүнүн аткарылышы үчүн фискалдык тобокелдиктер бар. Пандемия жергиликтүү  ишкерлердин ишине терс таасирин тийгизди», - деди Новиков.
admin@supertv.kg