SerepTV Logo

Новиков: "Бир айдан бери азык-түлүктүн кымбатташын ооздуктоо боюнча иш жүргүздүк, бирок андан майнап чыккан жок"

Новиков: "Бир айдан бери азык-түлүктүн кымбатташын ооздуктоо боюнча иш жүргүздүк, бирок андан майнап чыккан жок"
Күнүмдүк керектелүүчү азыктардын ички рыноктогу баасын толук турукташтырууну камсыз кылуу зарыл. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселеси боюнча өткөрүлгөн жыйында билдирди. «Бир айдан бери биз күнүмдүк керектелүүчү азыктардын кымбатташын ооздуктоо боюнча иш жүргүздүк, бирок кырдаалды турукташтыруу мүмкүн болбой жатат. Баа саясатына мониторинг жүргүзүү боюнча берилген тапшырмалардын, товарларды дүңүнөн сатуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жарманкелерди уюштуруу боюнча аткарылган иштердин негизинде акыркы жумаларда баалардын дагы жогорулап кетишинин алдын алууга мүмкүндүк болду, бирок бул тийиштүү деңгээлде натыйжалуу боло алган жок.  Баалар боюнча жүргүзүлгөн талдоо социалдык жактан маанилүү азык-түлүк наркына карата аймактар ортосунда олуттуу ажырым бар экенин көрсөттү. Логистикалык чыгымдар бар экени түшүнүктүү, бирок анчалык деле чоң эмес. Мисалы, доллардын курсу жогору, бирок акыркы айларда туруктуу болууда. Баалардын мындай көтөрүлүшүнүн себеби эмнеде?! Азык-түлүк коопсуздугун жана баалардын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын жыйындысын кабыл алуу керек», - деди Новиков. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Кыргыз өлкөсүнө товар ташып келүүдө ортомчу уюмдарды четтетүү жана рынокто бааларды турукташтыруу үчүн өндүрүүчүлөр менен түз келишимдерди түзүү зарылдыгын белгиледи. «Биз экономикадагы мамлекеттик жөнгө салуунун тарапкери эмеспиз. Бирок кырдаал курчуп кетсе, шашылыш чараларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу керек болот. Биринчи кезекте жарандар жөнүндө ойлонушубуз керек. Ошондой эле күнүмдүк керектелүүчү товарларды, майда жандыктарды жана бодо малды мыйзамсыз экспорттоого тыюу салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, эттин баасын төмөндөтүү мүмкүн болбой жатат. Бир аз төмөндөгөндөн кийин дүң базардагы баалар кайрадан көтөрүлдү. Бул белгиленген чектөөлөрдү айланып өтүү механизми бар экендигин айгинелейт. Мыйзамсыз экспорттоону токтотуш керек», - деди өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.
admin@supertv.kg