SerepTV Logo

Нооруздан кийин келишет. ЖК депутаттары аймактарда иштөө үчүн тарап кетишти

Нооруздан кийин келишет. ЖК депутаттары аймактарда иштөө үчүн тарап кетишти
Жогорку Кеңеште кийинки жумада жалпы жыйындар жана комитеттердин, фракциялардын отурумдары болбойт. Бүгүн, 11-мартта депутаттар 15-19-мартта жер-жерлерде шайлоочулар менен иштөө тууралуу чечим кабыл алышты. Буга байланыштуу парламенттин жалпы жыйындары Нооруз майрамынан кийин уланат. Бүгүнкү отурумда Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун 2-3-окууда карады. 94 депутат "макул", 6 депутат "каршы" добуш беришти.
Unknown Author