НДПК Бишкек АШКнын чечимин негизсиз деп атады
Бишкек шаардык аймактык комиссиясы НДПКны шайлоо жарышынан четтетти. Бирок саясий уюмдун штабы муну негизсиз жана мыйзамга каршы келет деп эсептейт.
“АШК тарабынан мыйзам бузуулардын күмөндүү далилдери бардык процессуалдык ченемдерди одоно бузуу менен алынган. Азырынча НДПКнын пара алгандыгы боюнча эч кандай далил жок”, - деп айтылат маалыматта.
Саясий партия АШК тарабынан каралган эки эпизод ойдон чыгарылгандыгын, андан тышкары, көрсөтүлгөн участоктордо добуштар жокко чыгарылса дагы, алар шайлоонун жалпы жыйынтыгына эч кандай таасир эте албастыгын баса белгилешти.
Партия АШКнын мыйзамсыздыгына каршы нааразычылыгын жарыялады. «Биз жеңишибизди бардык мыйзамдуу жолдор менен коргойбуз. Биз ачык жана жигердүү шайлоо өнөктүгүн өткөрүп, депутаттык мандат алуу үчүн ыплас технологияларды колдонгон жокпуз. Чындыктын, акыйкаттыктын салтанат курарына ишенебиз. НДПКга добуш берген шаардыктардын тандоосун танууга эч кимдин укугу жок”, - деп баса белгилештии партиянын штабынан.