Назарбаевдин демилгеси. Түрк тилдүү мамлекеттердин башчылары Казакстанда жолугат
Казакстанда 31-март күнү Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин расмий эмес саммити өтөт. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, саммит Казакстандын Түркстан шаарында өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен өтөт. Ага Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешмеге мүчө бардык өлкөлөрдүн башчылары катышат.
Ошондой эле жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына таянсак, президенттердин жолугушуусунун алкагында Түркстанды Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору деп жарыялаган декларацияга кол коюу каралган.
Белгилей кетсек, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши 2009-жылдын октябрь айында түзүлгөн. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан өлкөлөрү мүчө.