SerepTV Logo

Назарбаев инаугурацияга атайын өкүлүн жиберип куттуктады

Назарбаев инаугурацияга атайын өкүлүн жиберип куттуктады
Садыр Жапаровдун ант берүү аземине Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү Жансеит Түймебаев да катышты. Ал өз сөзүндө жалпы Казакстан элинин атынан жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин атынан куттуктап келгенин айтты. Назарбаевдин куттуктоосунда: «Элдин жаркын келечеги үчүн жоопкерчиликтүү жумуш, мамлекеттер арасында жаңы аренада өлкөнүн аброюн өстүрүүгө багытталган иштериңиздин ийгиликтүү болушуна тилектешмин», —  деп айтылган. Ошондой эле Жапаровдун бүгүнкү инаугурациясына Европа биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан да келип, Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишелдин куттуктоосун кыргыз тилинде окуду. Мындан тышкары чет элдик коноктордон  Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась да келген.
Unknown Author