Нариман Түлеев «Эмгек» партиясы алган добуштарды жокко чыгарууну талап кылды
«Ак Бата» партиясынын лидери Нариман Түлеев Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо «Эмгек» партиясы алган добуштары жокко чыгарууну талап кылат. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, шайлоо алдындагы өнөктүктүн катышуучулары квартал башчыларын жана үй башчыларын сатып алуу болгонун ырастап бере алышат, алар башка партиялардын үгүтчүлөрүн иштетпей, үгүт материалдарын чогултуп, ыргытып ийип жатышты.
«КЭДП (НДПК) шайлоодон четтетилгени тууралуу жаңылыкты окуп таң калдым. Акыйкат чечим болдубу-жокпу айта албайм, бирок менин калыс оюм боюнча, «Эмгек» партиясы дагы шайлоодон четтетилиши керек эле. Үй башчылары шаардыктарга таасир этип, аларга азык-түлүк баштыкчасын берип, тилкеден сырткары шайлоодо пенсионерлерге кимди шайлаш керектигин түз эле көрсөтүп жатышты. Бул фактынын баары ЖМКларда жарыяланган менен чара көрүлгөн жок. Дээрлик бардык катышуучу партиялар шайлоодо массалык түрдө мыйзам бузуулар болгондуктан, тилкеден сырткары добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу өтүнүчү менен Аймактык шайлоо комиссиясына кайрылышты. Мындан тышкары "Дордой" базарында бул жумаларда жапырт түрдө патент сатып алуу аркылуу массалык добуш сатып алуу болду», — деп жазды ал.
«Эгерде шайлоонун бардык жыйынтыктары жокко чыгарылса, анда "Эмгектин" кийинки жарышка катышуусуна жол бербеш керек. «Ак Бата» саясий бирикмеси кайра шайлоого катышууга жана шайлоо процессинде мыйзамдын бардык талаптарын сактоого даяр», — деп жазды Нариман Түлеев."Эмгек" партиясына чара көрүлбөсө, анда шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өттү деп эсептейм. «Ак Бата» партиясы «Эмгектин» добуштарын жокко чыгарууну талап кылат, болбосо бул жарыш тарыхта эң ыплас шайлоо катары калат.