SerepTV Logo

"Мүңкүрөбө! Уулуң чыгат!". Жеңиш Молдокматов кыргыз элине кайрылды

"Мүңкүрөбө! Уулуң чыгат!". Жеңиш Молдокматов кыргыз элине кайрылды

Кечээ, 6-майда ИИМге октябрь окуялары боюнча сурак берип чыккан саясатчы, «Замандаш» партиясынын экс-лидери, «Ханституцияга каршы» борборунун демилгечиси Жеңиш Молдокматов камакка алынган. Ал эми бүгүн соцтармактарда анын тергөө абагынан жазган каты тарады.

"Өлкөдө өтө оор кырдаал жаралып, адилеттүүлүк, чындык эңсеген элдин үмүтү өчүп, сырттан душмандар кол салып, экономика эңшерилип турганда бийлик төбөлдөрү, өлкө башчысы Садыр Жапаров өз элине, жерине кас болду!

Мени октябрь окуясында Жапаровду чыгарган адамдын бири, УКМКнын имаратын басып алуу кинесин коюп, камакка алууда. Айтарым, бул күндөр дагы өтөт. Чындык чыгат! Адилеттүлүк орнойт!

Кыргызымдын уулу, Өмүргазынын кулуну Молдокматов Жеңишбекти камап коюу менен өлкөдө өнүгүү орун алып, элдин жашоосу оңолуп кетпейт. Болгону бийликтин кемчилигин айткан бир адамга убактылуу кемийт. Башыңды көтөр кыргызым! Чындык үчүн аталарыбыз күрөшүп, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдеп келген. Бийлик түбөлүктүү эмес! Эч коркпостон күрөшкүлө элдин азаттыгы, жерибиз үчүн! Көтөр башты кыргызым! Мүңкүрөбө! Уулуң чыгат! Кудайым буйруса, баары жакшы болот.

Энекем менин, эч ойлонбоңуз, өзүңүздү караңыз! Уулуңуз эли үчүн чыккан! Канышай алтыным, эч кайгырба, балдарымды жакшы кара!" - деп жазган ал.

edita