SerepTV Logo

"Мындай өзүн-өзү бага албаган каналдардын эмне кереги бар?" «5-канал» менен «Пирамида» каналдарын сатуу демилгеси көтөрүлдү

"Мындай өзүн-өзү бага албаган каналдардын эмне кереги бар?" «5-канал» менен «Пирамида» каналдарын сатуу демилгеси көтөрүлдү
Кечээ, 1-февралда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети «Пирамида» медиахолдинги менен «5-канал» жабык акционердик коомуна ар бирине 20 миллион сомдон бөлүп берүү тууралуу маселени кароо учурунда аталган телеканалдарды жеке жактарга сатууну сунушташты. Финансы министри Кыялбек Мукашевдин айтымында, эки каналда иштеген кызматкерлерге 2020-жылдын декабрь айы үчүн бюджеттен каралган айлык акы жетпей калган. Андыктан декабрь айына кошумча акча суралып жатат. Жыйында депутаттар Осмонбек Турдумамбетов менен Улан Примов аталган каналдарды каржылоону токтотуу керек деген пикирин айтышып, эл өкүлдөрү мамлекет кыйын учурда өзүнө ашыкча жүк тартып жүрө бербеши керек деп, талкууга түшкөн эки каналдын келечегин аныктоону сунушташты. «Элдин эң олуттуу мектеп, оорукана куруу сыяктуу көйгөйлөрү чечилбей жатса, мындай өзүн-өзү бага албаган каналдардын эмне кереги бар?», — деди депутат Осмонбек Турдумамбетов Эл өкүлү Улан Примов да маселе 2011-жылдан бери чечилбей келе жаткандыгын кошумчалап, каналдарды сатууну сунуштады. Жыйынтыгында, телеканалдардын тагдыры чечилгенче, суралып жаткан 40 миллион сомду бөлүп берүү чечими кабыл алынды жана эки каналга тең өнүгүү пландарын алып келүү тапшырмасы берилди.
Unknown Author