Мурунку билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев Бельгияга элчи болобу? Анын жообу
Социалдык тармактарда мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин Бельгияга элчи болору айтылып жатат. Бул маалыматтын чын-бышыгын билүү үчүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги мурунку министр менен байланышты.
Ал бул маалыматты төгүндөп, четке какты.
Алмазбек Бейшеналиев 5-майда президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулган. Анын ордуна Болотбек Купешев дайындалган.