SerepTV Logo

Мурунку аткаминер Курманбек Дыйканбаев үй камагында экени айтылды

Мурунку аткаминер Курманбек Дыйканбаев үй камагында экени айтылды
Президенттин Жогорку Кеңештеги мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев үй камагында. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти. Соттун 1-апрелдеги токтомуна ылайык, Дыйканбаев 24-майга чейин үй камагында кармалат. Дыйканбаев 2020-жылдын 24-ноябрында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалган. УКМКнын маалыматына караганда, ал парламенттик шайлоо учурунда бир партиянын кызыкчылыгында иш алып барып, мамлекеттик ишкана жетекчилеринин бирин ага 7 миллион сомдон ашуун акча берүүгө мажбурлаган. Бербей койсо, кызматынан бошотуп коерун айтып коркуткан. Бул акча УКМКнын маалыматына караганда, Дыйканбаев шайлоо алдындагы үгүт иштерине жумшаган.
Unknown Author