SerepTV Logo

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн да сотко келе алган жок

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн да сотко келе алган жок
Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда соттук отурум уланмак. Бирок башкы айыпталуучу процесске алып келинген жок. Сот окуп берген арызга ылайык, Атамбаев ден соолугуна байланыштуу соттук отурумду дагы бир аптага жылдырууну суранган. Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, жаза аткаруучу ордун алмаштырууга зарылдык жоктугуна карабай, мурдагы президентти кайра УКМКнын тергөө абагына которууга аракет кылып жатышат. Буга чейин Жогорку Сот Батукаевдин иши боюнча Алмазбек Атамбаевге чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарган эле. Бирок бул жагдай анын бөгөт чаралышынын өзгөрүүсүнө, үй камагына чыгуусуна алып келе элек.
admin@supertv.kg