SerepTV Logo

Москвада “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” II Евразиялык экономикалык форуму өттү

Москвада “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” II Евразиялык экономикалык форуму өттү
Кечээ, 24-майда Москвада “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” II Евразиялык экономикалык форумунун пленардык жыйыны өттү. Иш-чара президент Садыр Жапаровдун, Орусиянын президенти Владимир Путиндин, Беларустун президенти Александр Лукашенконун, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Армениянын вице-премьери Мгер Григоряндын, Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышуусунда өттү. Ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин форумдун катышуучуларына видеокайрылуу жасады. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери биринчи ачылышы 2022-жылы Бишкекте өткөн бул Форум жаңы жана жакшы салтка айланып баратканын белгилешти. II Евразиялык экономикалык форум Россия Федерациясынын 2023-жылы ЕАЭБ органдарындагы төрагалыгынын алкагында өтүп жатат, анын максаты Евразия мейкиндигинде кызматташтык байланыштарын өркүндөтүү болуп саналат. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="182638,182639,182640,182641"]
info