SerepTV Logo

Молдокматов: "Ак үйдүн тосмосун ашып түшкөндөр аппак чыкты эле, бир пост үчүн ушуга барышабы?"

Молдокматов: "Ак үйдүн тосмосун ашып түшкөндөр аппак чыкты эле, бир пост үчүн ушуга барышабы?"
Жеңиш Молдокматовдун кеңсесине тинтүү жүргүзгөндөр  компьютер жана флешкаларды алып кетишти. Бул тууралуу саясатчы Сереп Медиа агенттигине билдирди. Анын айтымында, кечээ, 15-мартта Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы чыгып жаткандардын бири Тилекмат Кудайбергенов 48 саатка камалгандан кийин эле автоматчан спецназдар "Ханституцияга каршы борборунун" кеңсесине кирип келишкен. "Кызматкерлерди жерге жаткырып эле автоматчан спецназдар кирип келишти. Мындай айтканда, маски-шоу болду. Курал-жарак, баңгизат барбы дешип, кагаздарды чачып тинтүү жүргүзүштү. Тасмага тартууга тыюу салышты. Мунун баарынын бир гана себеби бар - Конституцияга каршы чыккандарга ушундай кысым болуп атат. Булар бизге каршы бир нерсе таппай жатышат. Мен тийиштүү токтомдорго кол коюп бердим. Алар компьютер, флешкаларды алып кетишти", - деди ал. Мындай тинтүү кечээ Тилекмат Кудайбергеновдун да үйүндө болгон. Саясатчы муну менен укук коргоо органдары аша чаап кеткенин айтат. "Тилекмат өзү батирде турган жигит. Бир баласы жаңы төрөлгөн, экинчиси беш жашта. Аялы да жаш, анын үстүнө ооруп жүрөт. Анан бир пост үчүн түн ичинде балдарды ызылдатып, тинтүү жүргүзүүнүн кажети бар беле? Түнкү 11 де барып, анын да үйүн чачып кетишиптир.  Компьютерин, флешкасын алыптыр", - деди саясатчы.
"Параллель келтирет элем, кечээ эле Ак үйдүн тосмосун ашып өткөн Ташиев, Жапаров, Мамытовдорго "Ак үйдү басып алуу" деп кине коюлду эле, аппак чыгышты го. Караколдо митингде губернаторду барымтага алууга айыпталгандар деле аппак чыкты. Эртең Конституция кабыл алынса, такыр эле диктатура орнойт го".
Unknown Author