Жеңиш Молдокматов: "Президент Садыр Жапаров айткан убадаларын аткарган жок"
Бүгүн, 9-мартта Бишкекте Ак үйдүн алдында Конституцияга каршы жарандык активисттер тарабынан тынчтык митинги өтүүдө. Анда акциянын уюштуруучулардын бири, саясатчы Жеңиш Молдокматов президент Садыр Жапаров таңуулап жаңы Конституцияны кабыл алдырып жатат деп сүйлөдү.
“Жалпы кыргыз элин алдоо жана кылмыш жолу менен мыйзам кабыл алып, Конституциянын жаңы долбоорун референдумга чыгарганы жатышат. Президент Садыр Жапаров адилеттүү жана жоопкерчиликтүү башкарууну убада кылган, бирок анын бири да аткарылган жок. Эгерде азыркы парламенттин Конституциясы өтүп кете турган болсо, Кыргызстанда толугу менен монархиялык жана авторитардык режим түзүлөт. Бул жакынкы келечекте сөз эркиндиги, дин эркиндиги, адам укуктарына чектөө жарыяланып, бийлик толугу менен бир адамдын колуна өтөт деген кеп”, - дейт Молдокматов.
Митингди түз эфирде көрүңүз.